У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанга жакында 7 компьютердик томография аппараты келет

Кыргызстанга жакынкы күндөрү жети компьютердик томография келет жана алар облустарга бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысынын м.а Нургүл Ибраева билдирди.
 
«Учурда бизде 568 ИВЛ аппараты жана 8328 кычкылтек аппараты бар. Каржы министрлиги менен биргелешип, ооруканаларга борборлоштурулган суюк кислородду киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Саламаттык сактоо уюмдары суюк кислород менен иштей турган болсо, кычкылтек концентраторлоруна көп колдонулбайт. Мындан тышкары жакында 7 компьютердик томография келет жана облустарга бөлүштүрүлөт. Ошондой эле , Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооуканасына жана Улуттук госпиталга компьютердик томография орнотуу пландалууда», - деди Ибраева.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter