Өлкөгө кайра карантин киргизилеби? Министрликтин жообу...
- 28.09.2020, 14:54,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкөгө кайрадан жалпы карантин киргизүү же киргизбөө адамдардын санитардык эрежелерди сактоосуна жараша болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Өлкө масштабында карантинди киргизүү – жооптуу иш-чара, ал инфекциянын башталышында 1 жолу киргизилет. Бул саламаттык сактоо уюмдарын даярдоо үчүн киргизилет. Эми бардыгы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге – коомдо беткап тагынуу режимди жана социалдык аралыкты карманууга жараша көз каранды болот. Анда анча белгилүү эмес карантиндик чараларды болтурбоого болот. Бирок, бул ар бирибизден көз каранды», - деп билдирди
Аыркы убактарда Кыргызстанда вирус жуктуругандардын саны көп катталып, 4-октябрдан кийин өлкөгө жалпы карантин киргизиле турганы коомчулукта талкууланууда.