У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жана сасык тумоодон коргоочу төрт жемиш аталды

 
Күз жана кыш айларында сасык тумоо күч алат. С витамини иммунитетти бекемдет жана ар кандай вирустук оорулардын, анын ичинде коронавирустун да алдын алат. Бул тууралуу Казакстандык дарыгер-отоларинголог Злата Паручикова билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, адамдын организминде С витамини жетишсиз болгон учурда иммунитет алсыз болуп, вирустук ооруларга каршы күрөшө албай калат. Организмде С витаминин жетишсиздигин төмөнкү белгилерден улам байкаса болот:
 
- Мурундун жана тиштин каноосу,
- Кургак тери,
- Алсыздык, бат чарчоо,
-Кесип алган жерлердин көпкө чейин айыкпай жүрүүсү организмде С витаминин жетишсиз экенинен кабар берет. 
 
"Күнүмдүк жашообузда жеп жаткан тамак-аштар организмди керектүү өлчөмдө витаминдер менен камсыздай албайт. Ошондуктан жер-жемиштерди көп колдонуу керек. Алардын ичинен ит мурун, болгар калемпири, киви жана лимонду көп колдонууну сунуштайм. Себеби булар С витаминге абдан бай. Болгону буларды кайнатпай, чийки жеш керек. Кайнатканда витаминдердин баары өлөт, анда бизге эч кандай пайдасы болбойт»-деди ал.   
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter