У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Майк Раян: «Коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллионго жетиши мүмкүн»

Кечиктирилгис чаралар кабыл алынбаса, дүйнө жүзүндө жакынкы убактарда коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллионго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу ДОСунун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майк Раяндын билдирүүсүнө таянып ВВС билдирди. 
 
«Бул кырдаалдын алдын алуу үчүн ар бир өлкөнүн бийлиги күчөтүлгөн карантиндик режимдерди киргизүүгө даяр болушу керек. Коронавирусту дарылоону мыкты өздөштүрсөк да, жакында вируска каршы вакцина табыла турган болсо да өлүмдүн санын азайтуу мүмкүн эмес. 
 
Эгер биз вирустан сактанууда болгон мүмкүнчүлүктү жасабасак, вирус дүйнө жүзүндөгү 2 миллион өмүрдү алып кетиши мүмкүн», -деди ал.  
 
Джонса Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 988 миӊден ашык адам каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter