«Мекеним Кыргызстан» партиясынын 9 талапкери тизмеден чыгып кетти
- 23.09.2020, 12:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого ат салышып жаткан “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен 9 талапкер чыгарылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 22-сентябрдагы отурумунда кабыл алганын билдирди.
Талапкерлер тизмеден өз каалоосу менен чыгуу тууралуу Боршайкомго арыз менен кайрылышкан.
Тизмеден чыккан талапкерлер: Лунара Мамытова, Сабина Айтыева, Хамракул Жаныкулов, Малик Ахметов, Сайкал Калиева, Алина Шакирова, Гулжамал Таирова, Мадина Абдукадырова, Бермет Касымова.