У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте айрым стационарларда дары-дармектер камдала баштады


Сактыкка кордук жок. Бишкек шаарынын айрым стационарларында дары-дармектер камдалып жатат. Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева күндүзгү стационарларды текшерип, ал жактарда канча орун даярдалганы тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Кечээ Мозгачева Арча-Бешик конушунда жайгашкан "Газпром" спорт комплексин, Чокморов көчөсүндөгү №8 бала бакчасын жана Профессор Зима көчөсүндөгү №81 мектептин базасындагы стационарга барган. 
 
Ага ылайык, "Газпром" спорт комплексинде 64 орун беленделип, 13 кычкылтек концентратору коюлган. №81 мектептин базасында 40 орун даярдалган. Ал жакта сегиз кычкылтек концентратору жайгашкан. Ошондой эле №8 бала бакча 30 орунга ылайыкташып, беш кычкылтек концентратору берилген.

"Бардык стационарларда медикаменттер менен жеке коргонуу каражаттарынын запасы камдалды. Буга чейин күндүзгү стационарлар жабылып жатканда жабдыктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды кылдаттык менен сактап койгонбуз. Ал эми медиктердин командасы министрликтин алгоритми боюнча коронавирусту дарылоого даяр", — деп айтылат билдирмеде.

Өкмөттүн маалыматына караганда, сентябрдын аягында эл массалык түрдө вируска кабыла баштайт деген божомол бар. Бийлик жарандар санитардык жана гигиеналык нормаларды сактабай жатканын белгилөөдө.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter