Акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 114 бейтап айыгып чыкты, 71 киши жуктурду
- 22.09.2020, 11:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 114 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 71 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):- Бишкек — 23;
- Ош шаары — 14;
- Чүй облусу — 7;
- Ош облусу — 21;
- Нарын облусу — 2;
- Талас облусу — 3;
- Ысык-Көл облусу — 12;
- Жалал-Абад облусу — 18;
- Баткен облусу — 14.
Ал эми илдетти илештиргендер төмөнкү жактарда болду:- Бишкек — 4;
- Ош — 2;
- Чүй облусу — 8;
- Ош облусу — 17;
- Талас облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 5;
- Жалал-Абад облусу — 13;
- Баткен облусу — 20.
Ошондой эле стационарларда 545 бейтап медициналык жардам алып жатат. Ал эми 1791 киши үйүнөн дарыланууда.
Кыргызстанда жалпысынан жугуштуу илдет 45 542 адамдан табылып, анын 41 796сы айыкты.