У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы прокуратура Сурабалиеванын суракка чакырылганы боюнча жооп берди


«Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер, ЖКнын депутаты Элвира Сурабалдиева ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишине күбө катары суракка чакырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Курсан Асановдун иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Күбө катары суракка ЖКнын башка депутаттары да чакырылган. Аларга жана Элвира Сурабалдиевага күбө катары көрсөтмө берүү үчүн сотко чакырылып жатканы жөнүндө толук кабар берилген. 
 
«Сотко чакыруу депутаттын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес», -дейт прокуратура. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter