У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда фонограмма менен өтчү концерттерге билеттер арзан сатыла баштайт



Казакстанда ырчыларды фонограмма менен ырдай тургандыгы жөнүндө көрүүчүлөргө алдын-ала эскертип, мындай концерттерге билеттерди арзан сатууга милдеттендирүү сунушталууда.

Өлкө парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алып, жогорку палатасында каралып жаткан мыйзамга ылайык, мындан тышкары салттуу казак ырларын азыркы заманга ылайыктап бурмалап ырдоого, ошондой эле ырчылардын сахнага мас абалында чыгышына жана көрүүчүлөрдү кемсинтишине тыюу салынат.

«Ырчы фонограмма менен ырдаганда жандуу ырдаганга караганда азыраак акча алышы керек. Бул көрүүчүлөр менен аткаруучулардын ортосундагы мамиленин кийинки баскычы болушу мүмкүн. Бирок акыры фонограммага толук тыюу салууга да жетишибиз зарыл», - деди төмөнкү палатанын спикери Нурлан Нигматулин.

Ошондой эле парламенттин айрым депутаттары аткарылып жаткан ырлардын сапатына да көңүл буруп, салттуу казак ырларын азыркы заманга ылайыктап, бурмалап ырдоого тыюу салууну сунуш кылып жатышат. Ырчылар бул сунуш орунсуз экенин билдиришүүдө.

«Толук тыюу болбошу керек. Аранжировка менен ырды бузса да, жакшы кылып койсо да болот. Эгер сапаттуу болсо, эмнеге заманбап кылып иштеп чыгууга болбосун? Бул жаңы тенденция, жаңы багыт, замандын талабы», - деди обончу Алтынбек Коразбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter