У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Партиялардын мушташынан улам райондук ички иштер бөлүмүн башчысы жумуштан алынды

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт ишинде массалык мушташтын чыгышынан улам райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Араван райондук милициянын бөлүм башчысы партиялардын үгүт иштеринде массалык мушташтын чыгышына жол берип, коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген катачылыгы үчүн кызматтан алынган. Ошондой эле кызматтагы кемчиликтери үчүн дагы бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартыларын билдирди.
 
Ички ичтер министрлиги шайлоо үгүтү учурунда чагымчыл аракет жасагандарга, уруш чыгаргандарга, коомдук тартипти бузгандарга кескин чаралар көрүлөрүн эскертти.
 
Эске салсак, 20-сентябрда кечинде Араван районунун Юсупов айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда массалык мушташ чыгып, мушташтан 12 киши жаракат алып ооруканага жаткырылган. Бир адамдын оор экени айтылды.  
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter