У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгер иммунитетти көтөрүүнүн жолдорун айтып берди

Дарыгерлерге, ар кандай БАДларга көп акча жумшабагыла. Бул тууралуу Казакстан профилактикалык медицина академиясынын президенти Алмаз Шарман брифинг учурунда билдирди. 
 
«Коронавирус жана башка инфекциялардан сактануу үчүн эӊ алгач туура тамактануу керек. Азыр күз мезгили, жашылчалар менен жемиштердин бышып турган убагы. Ушундай учурда жемиштерди, жашылчаларды көп жеш керек. Өзгөчө алма менен жүзүмдү күндө жеп туруу зарыл. Алманын курамында темир, ал эми жүзүмдүн курамында антиоксидант бар. Ал өпкөнү оорудан коргойт. Ал эми кышында тоӊдурулган жемиштер адамга эӊ пайдалуу болот. Алар түрдүү инфекциялардан сактайт»-деди Шарман. 
 
 Ошондой эле ал D витамини да инфекциядан коргой турганын, ал үчүн адамдарга күнгө көп чыгып, күн нурунан табигый витамин алууну сунуштады. 
 
"Күз мезгилинде кышка даярданууга убактыбыз бар. Азыр витаминдүү жемиштерди жеп, керектүү витаминдерди топтоп, иммунитетти көтөрүп алуу керек. Соцтармактарда жарнамалап сатып жаткан ар кандай витамин, БАДларды ичип, аларга ашыкча каражат сарптабаӊыздар»-деп кошумчалады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter