У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркия парламенттик шайлоого 100 миӊ доллар берет

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун ачык жана таза өтүшүн камсыз кылуу максатында Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул тууралуу Түркиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.
 
Маалыматка ылайык,Түркия тарабынан бериле турган 100 миң долларга автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар, шайлоочуларды идентификациялоочу шайман сатылып алынат.
 
 Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого ЕККУнун байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин Эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат.
 
Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга бекитилген. Шайлоого 16 саясий партия ат салышууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter