У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара- Кече жолу убактылуу жабылды

Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен Транспорт жана жолдор министрлиги көчкү жүрүп, жабылып калган Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды. 
 
 Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, унаа жолду жаап калган. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter