У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назира Айтбекованын "Жөн эле ойлор" аттуу китеби жарык көрдү


Алып баруучу, блогер Назира Айтбекованын "#жөнэлеойлор" деп аталган китеби арык көрдү. Анын айтымында, китеп 500 нускада чыккан жана турмуштагы кагылып-согулган кездериндеги ичинлеги бук кара сөзгө айланган. 


"Бала кезимде өмүр баяным тууралуу китеп чыгарсам деген кыялым бар болчу. Ошол кыялым ушул күнү ишке ашты. Китепте менин жашоом, таенем, балам, жолдошум менен ажырашкандан кийин баламдын абалы тууралуу баяндалат. Аялдарга анализ, эркектерге карата сындар дагы камтылган. Тээ окуучу, студент кезде ыр түрүндө төгүлүп келет эле. Турмуш курганда жоголуп кетти. 2017-жылы жолдошум менен ажырашкандан кийин кайрадан жалгыздыгымды кооздоп, кара сөз түрүндө келди. Жан дүйнөдөгү жараларымды сүрөттөп, жалгыздыгымды жазып, силер менен сыр түйүнүн чече берип бир китеп даяр болуптур. Мени тыңшап, ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо күлүп, жазганымды окуп жаныма жар болгонуңар үчүн рахмат. Менин дагы бир талантымды ойготтуңуздар. Ой-толгоомду баалап, жакшы сөз айткан сайын жазгым келди. Дем, күч-кубат, шыкак алдым. "Китеп жаз! Алгачкы окурманың мен болом!" деген сайын коркпой кадам таштадым", - дейт ал.
Назира айым китеп басып чыгарууну ушул жылдын январь айында колго алганын кошумчалады.
"Негизи китепти 8-Мартта жарыкка чыгарууну пландагам. Тилекке каршы, ал убакта чыгарууга үлгүрбөй калдым, андан кийин карантин, каникул болуп кетти", - деди Айтбекова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter