У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


30 жаштагы келин төрт баласын тумчуктуруп өлтүрдү


Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан Хатлон облусунда 30 жаштагы келин жашы жете элек төрт баласын тумчуктуруп өлтүрдү. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, трагедия 9-сентябрда болжол менен саат 17:00 чамасында Хатлон облусуна караштуу Кушониен районундагы Ориен жааматында болгон. 30-жаштагы Назокатхон Тоирова 9 -сентябрда болжол менен саат 17:00 чамаларында өзгөчө мыкаачылык менен өзүнүн жашы жете элек -9, 8, 6 жана бир жаштагы балдарын желим баштык менен тумчуктуруп өлтүргөн. 
 
Ориен жааматынын тургунун айтымында, Назокатхон адегенде балдарынын колу-бутун таӊып, андан кийин баштарына желим баштык кийигизип тумчуктурган. Трагедиядан соӊ ал өзү милицияга келип, кылган кылмышы туурасына айтып берген. Ал буга чейин күйөөсүн жана дагы бир кишинин өлүмү үчүн 20 жылга соттолгон. 
 
Ал эми Тажикстандын Ички иштер министрлиги балдарын мыкаачылык менен өлтүргөн келинге кылмыш иши козголуп, камакка алынганын, аял психикалык жактан оорулуу экенин билдирген. 
 
Бул факты боюнча жергиликтүү прокуратура тергөө иштерин баштады. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter