У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаев: «Шайлоо убадалары космос… Алданбагыла, ишенбегиле…»

Бала бакча, мектеп, жол салып берем деген талапкерлерге ишенбегиле. Аларды өкмөт гана салат. Мындай пикирин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Фейсубктагы баракчасына жазды. 
 
«Шайлоо убадалары, космос. 380 шайлоочусу бар айылга бир кандидат комбайн алып берем дептир. Баасы 7 млн сом. Эсептесем ар бир шайлоочу 18421 сом болот экен. Бул бери жагы эле. Фап, бала бакча, мектеп ой койчу, салып берем дегендерчи. Бир бала бакча бери дегенде эле 31 млн сом. Кудайды карагыла. Бул алдоо, алданбагыла. Мунун баарын өкмөт кана сала алат. 
Калайык соц тармак, экономика, жол буга өкмөттүн кана күчү жетет. Ишенбегиле.
1км асфальт жол, 5 млн сомдун айланасы. Бул да ички жолдор. Жолду такыр эч ким сала албайт, өкмөттөн башка. Анан мени шайлабасаң Кыргызстан жоголот, бүтөт дегенде жакаңы кармайсың да.Так что, ушундай. Чыдабай кеттим, кечиргиле»,- деп жазат ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter