У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балдарды үйүндө окуткан мугалим сыйланат


Үйүндө балдарга сабак берген мугалим сыйланат. Ал сүрөт  Баткен районунун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими тарабынан тартылган. 

“Окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда ата-энелер тарабынан түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкан. Мугалим 2-сентябрь күнү окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин бет кап менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган. Андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетин өз кесибин сүйүп, билим берүүгө болгон умтулуусу катары баалайт. Ошондой эле окуучулардын да окууга болгон ынтызарлыгына жана дилгирлигине баа бергени белгиленди.

“Пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн мугалимге демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду. Бүгүн, 8-сентябрда, министрдин орун басары Надира Жусупбекова ошол педагог менен байланышып, ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтты”, — деп жазылат маалыматта.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter