У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ала-Тоо аянтындагы батуттар, велосипедди ижарага берүүчү жайлар алынды


Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында велосипедди ижарага берүү жайы жана мыйзамсыз орнотулган  батуттар алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

"Дем алыш күн экенине карабастан, биздин команда мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү үчүн борбордук "Ала-Тоо" аянтына чыгышты. Биз велосипедди ижарага берүү жана көчө оюндары боюнча 13 түйүндү алдык. Бир нече мыйзам бузуулар, анын ичинде мыйзамсыз батуттар орнотулгандыгы аныкталды. Батут ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, өз ыктыяры менен алып салынды. Бир күндүн ичинде үч батут алынды. Мындан тышкары бульвардын жээгинде суусундук жана бал муздак саткандар менен сүйлөшүп, тамак-аш, азыктарды жерге коюп сатууга болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк", - деп айтылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter