Кечээ аскер бөлүмүнөн качып кеткен жоокер кайтып келди
- 05.09.2020, 16:04,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 4-сентябрда №36806 аскер бөлүмүнөн качып кеткен жоокер бүгүн, 5-сентябрда кайра кайтып келди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы маалымдады.
Маалыматка ылайык, качып кетип кайра келген жоокер жакынкы күндөрү кызматын аяктамак. Ал Оштогу аскер бөлүмүнө Чүй облусунун Ысык-Ата районунан чакырылган.
Учурда анын мындай кадамга барганын себеби иликтенүүдө. Жоокер менен Ош гарнизондук Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатканы айтылды.