У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте жана Ысык-Көлдө балдар эпидемиясы жүрүп жатабы? Министрликтин жообу…

Акыркы күндөрү WhatsApp аркылуу Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда балдар массалык түрдө ооруп, оор абалда ооруканаларга кайрылып жатышат. Ооругандардын саны көп болгондуктан балдар ооруканаларында орундар жетишсиз болууда деген маалымат тараган. Саламаттык сактоо министрлиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
 
«Бардык балдар стационарлары штаттык режимде иш алып барууда жана эч кандай “Балдар эпидемиясы” жок-деп билдирди министрлик. 
 
 Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин маалыматына караганда, жалпысынан 400 койко-орундук даярдалып, анын ичинен 60га жакыны бош турат.
 
 Саламатык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун милдетин аткаруучу Мира Кыдырбаеванын айтымында, облус боюнча балдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 121 койко-орундук даярдалган, анын ичинен 115и бүгүнкү күндө бош турат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter