Бүгүн өлкө башчысы Чүй облусун кыдырат
- 03.09.2020, 09:56,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусун кыдырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда ажо иш сапарынын алкагында Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат.
Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын жумушу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлордун канчалык деңгээлде аткарылып жатканын көрөт.