У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коопсуздук кеңеши: "Мамлекеттик кызматкерлер кайсы бир партияга иштөөгө, үгүт иштерине аралашууга тыюу салынат"


Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы жыйынындагы чечимге ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого мамлекеттик кызматкерлер кийлигишүүгө акысы жок.

Коопсуздук кеңеши бул жаатта өкмөткө тапшырма берип, мамлекеттик кызматкерлер, аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, муниципалдык аймактык башкаруу органдары шайлоого кийлигише албасын түшүндүрүүнү милдеттендирди.

Ага ылайык, жетекчи кызматта отурган адамдарга:
-шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;
-шайлоо алдындагы үгүт иштерине кайсы бир партиянын же талапкердин кызыкчылыгына иштөөгө;
-кызматтык абалын жана артыкчылыгын кайсы бир партиянын же талапкердин кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу салынат.

Бул талаптарды аткарбай, шайлоо иштерине, үгүткө аралашып, кайсы бир партиянын жана талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеген, кызматын пайдаланган жетекчилерди "ишенимден кеткен" деген негиз менен дисциплинардык жана башка жоопкерчиликке тартуу, зарыл болсо кызматтан алуу сунушталган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter