У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде 22 орто мектепке санариптик китепкана орнотулду


Баткен облусундагы 22 орто мектепте "Илимбокс" (IlimBox) деп аталган санариптик китепкана орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
 
Маалыматка караганда,  китепкананын презентациясы өтүп, ага мектеп директорлору, райондук жана шаардык билим берүү борборлорунун кызматкерлери катышкан.
 
Китепканада беш тилдеги китептерди таап, интернети жок окуса болот. Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу кире алат.
 
"Китепканадан англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөм өнөр жана программалоо боюнча видеолекцияларды англис тилинде көрүүгө болот. Ошондой эле 500дөй кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги китептер, педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөм өнөр боюнча 300дөн ашык китеп камтылган", — деп айтылат маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter