Кудайым кут кылсын, келин-уулум дин жолундагы адамдар. Балам айылда мал кармайт, келиним үйдө балдар менен алек. Азыр 7-уулун күтүп жатышат. Бирок балдардын ортосу 1-1,5 эле жылдан.
Дарыгерлер боюна болгон сайын келинимди урушат экен. Келиним да жөн калбай, “Силер кудайсыңарбы, кудай берип жаткандан кийин төрөйм да” деп айтыптыр. Аны доктурлар мага бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Келиним менен да, балам менен да сүйлөштүм, экөө тең кудайдын буйругу деп тим болушту.
Бирок балдардын ортосу жакын болгондо көбүнчө бечел болуп калат экен. Жыл сайын төрөгөндө организм эс албагандыктан боюнда барында эсин көп жоготот. Ушундан улам чиедей балдардын көзүн жалдыратып жетим кылып албайлы, эс алып төрөчү дей берип тилим тешилди. Сактануу жолдорун айтсак такыр макул болбойт.
Неберелерим аман болсун, ушулар бар бактым бар. Ушундай жакшы келиндүү болгонума шүгүр, балдарымдын такыба экени кубандырат. Бирок мен келинимден айрылгым келбейт. Даргырлердин жемесин уга берип жүрөгум ооруп бүттү. Кандай кылып көңүлү оорубагандай түшүндүрүүгө болот?