«Реформа» партиясы "Кыргызстан" партиясынын документ иштериндеги чыр боюнча УКМКга кайрылды
- 25.08.2020, 12:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Каттоодон кечигип, элди беймаза кылып жаткан «Кыргызстан» партиясынын чуулгандуу иши боюнча «Реформа» саясий партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова 25-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге ачык кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 153-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, 24-августта «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштоого, БШКнын мыйзамсыз кадамга барган кызматкерлери менен мүчөлөрүн аныктоону суранды.
Мындан сырткары парламенттик шайлоого катыша турган бардык партияларга да бурмалоого жана документтерди оңдоого чогуу каршы турууга чакырык таштады.