Сутка ичинде коронавирустан өлүм катталган жок. 119 адам жуктуруп, 310 адам сакайды.
- 25.08.2020, 12:15,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда кечээ коронавирустан каза болгон адамдар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
"Кудайга шүгүр, бүгүн каза болгондор катталган жок. Бирок жер-жерлерде үйүндө өз алдынча дарыланып, ооруканага кеч кайрылгандар, оор жана өтө оор абалда түшкөндөр азайган жок", — деди Каратаев.
Ошондой эле 119 адам жуктуруп, 310 адам сакайганы маалым болду.