Начар көргөн шайлоочулар үчүн чоңойтуп көрсөтө турган лупалар даярдалды
- 19.08.2020, 11:30,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
4-октябрдагы шайлоодо ар бир шайлоо участогунда начар көргөн шайлоочулар үчүн атайын чоңойтуп көрсөтө турган лупалар болот. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, ШКУлар 2 миң 444 лупа алышат. Бул Френель линзасы менен жалпак лупалар ийкемдүү, соккуга туруштук бере алчу оптикалык пластиктен жасалып, алар үч эсе чоңойтуп көрсөтө алышат. Ошондой эле шайлоо 4 миң 888 участоктору көрүүсү начар шайлоочулар үчүн Брайль шрифти менен басылган бюллетендерди ошончо сандагы бюллетень үчүн трафареттерди да алышат.