У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Интернет тартпаган айылдардагы окуучулар билим албай калабы?


Кыргызстандын бардык эле аймактарында интернет тартып, байланыш мыкты деп айтууга мүмкүн эмес. Алыскы аймактардагы окуучулар интернеттин жоктугунан, байлыныштын татаалдыгынан пандемия башталган маалда аралыктан окуй албай көп түйшүк тартышкан. Эми жаңы окуу жылында ошондой айылдардагы окуучулардын тагдыры кандай болот? 

Буга мисал катары Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылын алсак болот. Айылда интернет жок жана уюлдук байланыш иштебейт. 

«Уюлдук байланыш айрым гана жерлерде иштейтДөңгө чыгып, анан сүйлөшөбүз. Быйыл аралыктан окутуу болот экен. Балдар кантип билим алат? Угулуп-угулбаган байланыш менен билим алмак түгүл, телефондун ары жагындагы адамдын үнүн араң угасың», - дешти жашоочулар.

Буга окшогон өлкөдөгү көп айылдар бар жана интереет маселеси курч бойдон калууда. Билим берүү министрлиги бул маселе боюнча комментарий бере элек...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter