Жетекчинин тамак-ашына деп акча чогулткан мугалим жумуштан бошотулду
- 17.08.2020, 16:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарындагы №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланып, директордун тамак-ашына жана башка чыгымдарга деп акча чогулткан мугалим жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучулардын ата-энелери № 54 мектептин фондуна акча чогултуу фактылары боюнча маалымат каражаттарына билдиришкен. Шаар мэриясы бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп, ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултуп баштаган мугалимди жумуштан алды.
Учурда №54 мектептин директору И.А. Борисованын жетекчилик кызмат орду да каралууда.
Билим берүү башкармалыгынын «Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзамы 2019-жылдын 10-октябрынан бери иштеп жатканын Бишкек шаарынын мэриясы эскертти.