У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн 211 адамдан вирус табылды, 355 бейтап ооруну жеӊди

16-августка карата акыркы суткада 211 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды, 355 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
 
Вирус жуктуруп алгандар: Бишкек шаарында- 46, Ош шаарында– 14, Чүй облусу – 19, Ош облусу – 26, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 47, Жалал-Абад облусу – 27, Баткен облусу – 22.
 
Айыгып чыккандар: Бишкек шаарында- 108, Ош шаарында – 21, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 51, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда- 20 бейтап айыкты. 
 
Жалпысынан Кыргызстанда 41 миң 856 адам коронавирус илдетине чалдыгып, анын ичинен 34 миң 306сы айыгып чыкты.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter