Көбү Бишкектен, дагы 15 дарыгер вирус жуктуруп алды
- 14.08.2020, 11:17,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында – 4;
Ош шаарында – 1;
Ош облусунда – 1;
Баткен облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 3.
Ал эми бир суткада 3 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 14 медицина кызматкери айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча 3 миң 6 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды. Алардын ичинен
2 миң 288и айыгып чыкты.