У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол тандабас менен жөөлөгөн жигитти жабырлануучу тарап кечирди


Бишкектин Биринчи май райондук соту мас абалында күзөтчүгө кол салган айдоочуга карата козголгон жазык ишин токтотту. Бул тууралуу 7-августта соттун басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

Анын айтымында, буга тараптар элдешип алганы себеп болду. Райондук соттун чечими 24-июнда чыкканы айтылды.

Быйыл 6-июнда Бишкектеги кафелердин биринин жанында Toyota Land Cruiser автомашинасынын айдоочусу күзөтчүгө кол салып, анын отурган күркөсүн бир нече жолу сүздүргөнү тартылган видео интернетте тараган. Кийин милиция аны Боом капчыгайына чейин кубалап барып, дөңгөлөгүнө ок атып кармаганын, мыйзам бузган адам 30 жашта экенин кабарлаган. Жанынан тапанча жана бычак табылган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин “Ээнбаштык” деген беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жаткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter