ӨКМ: "Туруксуз аба ырайынан улам сел жүрүшү мүмкүн!"
- 01.08.2020, 10:13,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ошол себептен коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деп жазылган билдирүүдө.