У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жубайыма болушуп, карындаштарым менен таарынышканыма 2 жыл болду. Сүйлөшө элекпиз...


Турмушта адам баласынын башына ар кандай сыноолор келип турат экен. Эч убакта бир туугандарым менен сүйлөшпөй калам деп ойлойгон эмесмин. Бирок менин башыма бул сыноо келди. 2 карындашым бар. Экөө тең мага таарынып, 2 жылдан бери сүйлөшө элекпиз. Апам да карындаштарымдын таарынычынан улам мага капа болуп жүрөт. Кеп башынан болсун...

Мен кеч үйлөндүм. Аябай кеч. Билим алдым, чет жерде жүрдүм. Жашың өтүп кетти үйлөн деп апамдын санаасы сан болот. Бирок мен апам айткан кыздарга үйлөнгүм келген эмес. Анткени өзүмдөн улуу, турмуштан жолу болбой, ажырашып кеткен келин менен жашачумун. Экөөбүз көп тоскоолдуктарды жеңип акыры үйлөнгөнбүз. Апам да, 2 карындашым да так секирип алба дешкен. Мен болбой үйлөнгөм. Жашаганыбызга 10 жылдан ашты. Бирок апам менен карындаштарымдын көз карашы өзгөргөн жок.

2 жыл мурда жубайым апамды бир аз таарынтыптыр. Апам капа болуп кыздарына айтыптыр. Экөө мага чалып аябай капа болушкан. Ансыз деле каршы болдуңар эле, жашоо бересиңерби деп катуу айтып алгам. Ошол бойдон алар мени менен сүйлөшпөй калышты. Чалсам алышпайт, чакырсам келишпейт. Апамды конокко чакырышат да бизди чакырышпайт. Экөөнүн өз турмуштары бар. Турмушту көрүп, билип эле калышкан, балдары бар. Бирок мени түшүнгүлөрү келбейт.

Жубайым болсо апамдын, карындаштарымдын каршы болгонун кек сактап, эмгиче эле ичи жылыбай келет. Мен эки оттун ортосунда чайналгандан чарчадым. Карындаштарымды сагындым. "Менин бөлөк тууганым жок, 2 карындашым анда-санда келгенде сыйлап кой" деп жубайымдан суранып эле келе жатам. Баары бир жылдыздары келишпейт. Апам байкуш ортодо кыйналды. Акыркы убактарда кыздарыныкына көп кетчү болду. Апам менин турмушума, келинине ыраазы эмес. Жубайым да кайын журтуна ыраазы эмес. Тагдырдын мындай сыноосу адамды кыжаалат кылып, тынч өмүр сүрдүрбөй кыйнай берет экен. Кандай чечим кылаарымды билбей барам...

(Редакцияга келген купуя каттардан)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter