У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайненем кайтыш болоору менен абысыным үйдөн чыккыла деп жатат. Чет өлкөдө жашашчу...


Жолдошум 2 эле бир тууган. Кайын атам жаш кезинде эле каза болуп калыптыр. Кайненем жакында эле күтүүсүз жерден дүйнөдөн өтүп кетти. Кайним үйлөнүп алып чет өлкөгө кеткен. Биз кайненем менен кеңешип, айылдагы үйдү сатып, шаардан жер алып, үй салганбыз.

Үй жаңы эле салынып бүтүп, жашаганыбызга 3 ай болгондо эле апабыз дүйнөдөн өтүп кетип, той-топур да өткөргөн жокпуз. Кайненем каза болгондо баягы кайним менен абысыным Кыргызстанга келишти да, пандемия башталып калып кайра кетпей калышты. Негизи үй кичүү уулга калышы керек, үйдөн чыккыла, бөлүнгүлө деп абысыным уруш чыгарып жатат.

Эң жаманы кайненем үйдү жолдошума жаздырганга жетишпей калды. Азыр кимге кайрылсак маселе чечилет? Ушул үйдү жолдошум экөөбүз салдык эле. Көңүлү көтөрүлүп жүрсүн, атабыздын үйүн сатып ушул үйдү салдык деп жолдошум  кайненеме жаздырган эле. Эми даяр оокатка келип алып абысыным, кайним уялбай үйдү талашып жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter