Дарыгерлердин демөөрчүлөрдөн жардам сурап кайрылуусуна тыюу салынды
- 25.07.2020, 14:20,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүмдөрү дарыгерлерге жардам сурап, демөөрчүлөргө кайрылууга, алар менен байланышууга тыюу салууда. Тыюу салынган каттын көчүрмөсү социалдык тармактарга жайылды.
Документ Жалал-Абад облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык жетекчилерине жөнөтүлдү. Катка ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Осмоналиев кол койгон. Бул дарыгерлер жеке ыктыярчылардан, демөөрчүлөрдөн дары-дармек, жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылууну суранган кайрылуулардан кийин пайда болду.