У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Сооронбай Жээнбеков, акчалар кайда?


Бүт ааламды КОВИД-19 каптап, анын ичинде Кыргызстанды дагы кырсык кыйгап өткөн жок. Миңдеген жарандарыбыздан айрылып жатабыз. Бийлик адаттагыдай эле унчукпайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо жарандарды дарылоонун алгоритимин бекитпей, ар ким ар кандай дарыланып жатат.

Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 44 адам коронавирустан каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
  • Бишкек шаары – 16;
  • Чүй облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 4;
  • Ош шаары – 3;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1.
Ушун менен өлкөдө коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 1 123кө жетти.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму (ВОЗ) бүт өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да миллиондогон долларды бөлдү. Жеке жарандар, ишкерлер бюджетке, элге миллиондоп жардам берип жатат. Тилекке каршы, Президент Сооронбай Жээнбеков үн катпай, тескерисинче келген акчаларды сиңирип жатышат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда ишкерлер элге берген жардамдарды "мамлекеттин атынан берилип жатат" деп, жалган документ жасашып, бюджеттин акчаларын өздөрү бөлүп алышты.

Кырыгзстанга дал ушул пандемиядан 500-700 миллион доллар сырттан жардам келди. Ал акчалар элге берилген жок. Эл өз акчасына гана дарыланып жатат. Бул бийлик ушунусу менен коркунучту жана өз элине кайдыгер.


Жаш саясатчы Медетбеков Ерлан Душанбекович. 22-июль, 2020-жыл.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter