У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ата-энелердин эсине!

 

Балдарды асырап багуу чоң түйшүк. Балалуу үй-бүлөлөрдун үйүндө абайлай турган 10 нерсени бөлүп айтууну туура көрдүк.


Дары кутучасы


Дары сактоочу кутучаңызды бийгирээк коюңуз. Балдар сырткы жалтырак кызыл, жашыл таблеткаларды таттуу момпосуй деп ойлошу мүмкүн жана дароо жеп жибериши толук ыктымал. Ошондуктан кутуча ар дайым бийик жерде сакталышы керек. Мындан сырткары дарыларды жуунуучу жана тамак даярдоочу бөлмөлөргө сактабаңыз. Себеби нымдуулук көп жерде дарылар тез бузулуп кетет. Буга кошумча эч качан дарынын таштанды челекке таштабаңыз. 

От

Баланы оттон алысыраак кармаңыз. Маселен нан бышырган печка, үйдөгү меш, жылуулук берүүчү түрдүү приборлордон абайлаңыз.


Розеткалар

Үй-салып жатканда розеткаларды колдон келишинче бийигирээк эле койдурган оң. Эгер жапыз орнотулуп калган болсо, сөзсүз аны жаап коюу керек. Себеби балдар дубалда жармашкан бардык оокатка кызыгышат жана сөзсүз кармап көргөндү жактырышат. 

Химиялык заттар сакталган кутуча

Кир жуучу, тазалоочу, самын, айна, косметика   сыяктуу нерселерди  балдар жетпеген жайларга сактаңыз. Балдарга түстүү бөтөлкө жагып, анда сакталган нерсени ачып ичип жибериши толук мүмкүн.

Ашкана плитасы


Балдар ата-энелери менен чогуу ашканада көп убактысын өткөрөт. Тамак жасап жатканда сөзсүз колго, бутка тоскоол болуп кошо аралашканды сүйүшөт. Андыктан тамак жазап жатканда кичиненкейиңизге ар дайым назар салып туруңуз. Эч убакта ашканада тамак бышыруучу плитага жакындатпаңыз. Ал казанда кайнап жаткан тамакты тартып албаш үчүн өйдөрөөк жакка коюп жасаңыз. 

Балкон

Балдарды эч убакта балкондо жалгыз калтырбаңыз. Керек болсо айнектелген балкон болсо да баланы таштаган туура эмес. Бийик үйдө жашаган жашоочулар терезени ачууда да абайлаңыздар же сыртынан тордоп коюңуздар.

Балта-чоттор

Үйдө дайыма туруучу балта, мык, отвертка сыяктуу буюмдарды бала көрбөй турган жайларга сактаңыз.  Мындай нерселерди унаа туруучу жайга же жер төлөөгө сактоо ыңгайлуураак. 

Тепкичтер

Балдарды тепкичтен түшүп, көтөрүлүүгө үйрөтүү керек. Бирок аларды жалгыз калтырбай кошо жүрүү зарыл. 

Таштанды челек

Таштанды салынуучу челек балдарды өзүнө ар дайым тартып турат. Алар ыргытылган буюмдарды алгысы, кармагысы келет. Балдар колуна тийген нерсени оозуна салганды жакшы көрөт. Андыктан вирустардан алыс болом десеңиз таштанды челектин оозу бекем жабылгыдай болсун. 
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter