Жеке ишкер Улан Бакасов Нарын облусуна 30 кычкылтек концентраторун сатып берди
- 11.07.2020, 21:49,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 11-июлда жеке ишкер Улан Бакасов Нарын жаштарынын кайрылуусу менен Нарын облустук бириктирген ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта: «Жеке ишкер ушул менен эле чектелбей дагы ар бир районго жардам берерин айтты»-деп жазылат.
Эске салсак, Улан Бакасов буга чейин да НОБОна тез жардам унааларын берсе, шаар тургундарына бир нече ирээт гуманитардык жардам көрсөткөн.