Дарыгерлерге убал болду...Сутка ичинде 71 дарыгер оору жугузуп алды
- 04.07.2020, 10:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бир суткада 71 дарыгердин коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан 32, Ош шаарынан төрт, Чүй облусунан 19, Ош облусунан төрт, Жалал-Абад, Баткен облустарынан экиден, Баткен облусунан үч, Ысык-Көл облусунан беш ак халатчандан коронавирус табылды.