У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирусту тамашага айландыргандар эркинен ажырайт...



Дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жатса элдин жүрөгүнүн үшүн "хайп" үчүн алгандар пайда болду. Кудай анын бетин ары кылсын деп, коомдук жайларда араң жүргөн элди ызы-чуу кылган окуя Москванын метролорунун биринде, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында катталган. Тагыраак айтканда, коркунучтуу коронавирус менен ооруган түр көрсөтүп, метродо кулап түшүп, элди уу-дуу кылган тажикстандык Кароматулло Жабборов камакка алынган. Учурда ага тагылган айып катаалдаштырылганы айтылууда.  

Маалыматка караганда, Кароматулло Жабборовго мурда  бейбаштык кылды деген айып тагылса, азыр атайлап уюштурулган бейташтык үчүн айыпталууда.  Жаңы айыптоо боюнча Жаборов жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter