У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Малик Аликеев борборго алынып келди


Малик Аликеев жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы маалым болгон. Ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюсери Чынара Итигулова айткан.

Ырчы Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

"Малик Аликеев агабызды ооруканага жайгаштырдык. Абалы буюрса жакшы, жакынкы убакта, эгер кальцийи калыбына келсе хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков операция жасайт. Мунун алкагында жасала турган баардык иштер биздин көзөмөлүбүздө болот.
Андан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков атайын материалдык жардам бөлүп, ал жардамды президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаевич тапшырды. Малик агабыз кубануу менен барыныздарга саламын жолдоду. Ырчы күз мезгилинде сахнага чыгып калаарын жана жеке концертин даярдай тургандыгы убадалады", - деп айтылат билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter