Республикалык штаб коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн ооруканаларга канча акы төлөнөрү боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, илдеттин формасына жараша бир кишиге төмөндөгүдөй төлөм каралган:
илдеттин белгилери жок формасы — 3030,12 сом;
оорусу жеңил даражадагы бейтаптар үчүн – 3500,63 сом;
орто абалдагылар үчүн – 10 817,78 сом;
оор абалдагы бейтаптар үчүн — 70 427,31 сом;
өтө оор абалдагылар үчүн – 132 837,09 сом.
Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга 1742 сом төлөнөт.
Бул каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына төлөнөт.
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте COVID-19 илдетине кабылгандарды дарылоо жана байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү үчүн акы төлөө өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.