У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бутум сынып, ооруканада жатсам келинчегим төркүнүнө кетип калды...


Кудай аял менен эркекти бири-бириңе жөлөк болула деп кошот эмеспи. Демек үй-бүлө болгон соң эки адам бири-бирин таяш керек деп ойлойм. Чөп чабык башталбадыбы, чөп тартып келе жатып чөптүн үстүнөн кулап бутумду сындырып алдым. Дароо ооруканага алып барышып, кудайга шүгүр бутумду сактап калышты. Ооруканада азыр көпкө жаткырбайт экен, коронавирустан улам жакшы боло баштагандар тез эле чыгат экен. Операциям ийгиликтүү өтүп, бутума темир койдуруп үйгө чыгып келдим.

Апам менен атам убактылуу Бишкекте жашашат. Атамды иш аркылуу Бишкекке которушкан. Экөө тең суук кабарды угаары менен келип, айланчыктап жанымда болушту. Чыгаар күнү апамдын маанайы пас, эмне болду десем келинчегиң үйүмдү сагындым деп сен чыккан атсаң кызыңды алып төркүнүнө кетип калды дейт. Кечинде эле барам эртең деп жазгам. Таң калып калдым. Чалсам өчүк...

Мен басып-тура албай, атүгүл дааратканага бара албай досторум карап жатышты ооруканада. Үйгө барсам келинчегим бар деп келе жаткам. Апам мен карайм сен айыкканча дейт, апам кантип кармак эле? Башыма иш түшкөндө эмнеге кетип калганына таңмын. Балким күйөөм бутунан баса албай жатса мал-жандын баарына мен чуркайм деп түйшүктөн качкан окшойт. Билбейм, азыр кызыктай абалда турам. Апам каршы болгонуна карабай үйлөндүм эле. Апам экөөнүн ортосунда пикир келишпестик бар эле. Экөө таарынышкан күндөрү апамды урушуп, келинчегиме тартып койчу элем. Башыма иш түшкөндө апам жанымда калды...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter