У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бек Борбиев: «Кылмыштуу мыйзамдары менен мамлекетти сазга батырган депутаттардан арылалы…»



Шайлоочуларга болгон кайрылуусун ырчы Бек Борбиев өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Ал шайлоочуларды акчага, куру убадаларга алданбоого чакырып, эл үчүн иштей турган азаматтарды эч нерсеге карабай шайлоого үндөгөн. Төмөндө ырчынын кайрылуусу өзгөртүүсүз берилди. 

«Урматтуу шайлоочулар, келе жаткан шайлоо келечекти чечүүчү шайлоо. Мурдагы, өлкөнү тоногон, кылмыштуу мыйзамдары менен мамлекетти сазга батырган депутаттардан арылалы. Ушул парламенттин, дегеле мурдагы экс- депутаттарды жолотпогула. (анткени жаӊы парламентке 70-80 пайыз мурдагылар келгени турат). 2-3 же 4-чакырылыштын депутаты болуп келе жатам дегендерди таптакыр кубалаш керек. Ошолордун айынан өлкө белчесине чейин карызга батты, мүӊкүрөдү.
Түшүнөм, бирөөсү бирөөнө  тууган, жердеш же дос, балким сиздин начальнигиӊиз. Же кээде олдур-чолдур сүйлоп койгону жагышы мүмкүн, ага карабаш керек. Эгерде, дагы деле биз адаттагыдай шайлоо өткөрсөк, бизге дагы деле жетелек болот. Анда сооп, чала болот
Өкмөткө же Президентке Саясий эрк керек деп калабыз, а бул жолу элге, шайлоочуга саясий эрк керек болуп калды. Кооз сөзгө, акчага, убадага, айылга салып берген көпүрөгө, жолго алданбагыла. Эгер эл үчүн күйгөн азаматтар болсо жерине, уруусуна, керек болсо улутуна карабай шайлагыла.
Жетишет, өзгө болгуча өзүбүздүн бала болсун дей берип итке минип калдык. Көздү ачып, жүрөктү ачып, туура тандоо кыла турган кезге жеттик. Азыртадан ойлон замандаш»-деп жазды Борбиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter