У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектепте жоголгон ноутбук директордун үйүнөн табылды



Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылынын Өмүркул Жакшев атындагы орто мектебинен 2019-жылдын башында баалуу буюмдар уурдалган. Ноутбук, проектор жана 5000 сом акча каражаты уурдалып, ууру табылбай жаткан.  Бул окуя боюнча мектеп директору Г. Байтемирова милицияга арыз менен кайрылып, бул факт боюнча 220 берененин негизинде (уурулук) кылмыш иши ачылган.

Тергөө амалдарынын негизинде уурдалган буюмдар арыздануучу, мектеп директорунун өзүнүн үйүндө табылганы маалым болду. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы кабарланды. Мектеп директору буга чейин жоголгон буюмдарды окуучулардан көрүп, ата-энелерин төлөп бергиле деп кыйнап келгени айтылууда. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter