У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бегимай Алиева: "Менин уулум жок. Уулум ооруп жатат деп акча чогулткандарга ишенбегиле"


Акыркы мезгилде коомчулуктан жардам сурап кайрылган адамдар көбөйгөн сайын кой терисин жамынган карышкырлар, тагыраак айтканда башка бирөөнүн атын пайдаланып, калп маалымат таратып акча чогулткандар да көбөйүүдө. Буга жалганчылар атын пайдаланып акча чогултуп жатканын өзү тааныштары аркылуу билген Бегимай Алиеванын окуясын мисал кылууга болот. 

Баткен Областынын Лейлек районунун Арка айылынын тургуну Бегимай Алиева жарандарга кайрылып, уулу жок экенин айтып, шылуундар жөн гана анын атын пайдаланып акча чогултуп жатканын айтып элге окуянын чын бышыгын түшүндүрүп берди:

“Учурда социалдык тармакта менин атымдан уулум ооруп жаткандыгы, жана 5-6 күндө калтырап каттуу болуп жаткандыктан дарыланууга 150 миң доллар акча чогултуп жаткан кабар кетип жатат. Бул кабарды эки жума мурун окуп өзүм таң калдым. Менден кийин Россияда иштеп жүргөн агаларымдын достору көрүп кандай жардам керектигин сурашыптыр. Чындыгында менин уулум жок, кызым бар. Россияда жүргөндө паспортумду жоготуп жиберип “таап алгандар болсо сүйүнчүсүн берем”-деп интернетке сүрөтүн жарыялагам. Кийин табылган болчу. Ошондо кимдир бирөө менин өздүк маалыматымды сактап калса керек. Албетте, укук коргоо органдарына арыз жаздык. Ал эми жарыя берип акча чогултуп жаткан номерге байланыша албай койдук. Бир гана мессенджер аркылуу сүйлөшүп жатат. Азыркыга чейин тааныштар канча сом керек деп күнүнө 300-500 сом которуп койгонун айтышууда. Бул өкүнүчтүү нерсе”-дейт Бегимай.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter