У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда кармалган кыргызстандык жаранды милиция сабаган- видео


Россияда милиция кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармоо учурунда күч колдонушкан. Видеону социалдык тармактагы баракчасына Alligator Fight Championship турниринин негиздөөчүсү жарыялаган.
Ал кармалган жигит Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен Тышкы иштер министрине кайрылган.
 
Видеодо Кыргызстандын жараны тартип сакчыларына баш ийбей, андан кийин муштум менен бетке сокку урулганын көрүүгө болот.
 
Андан соң милиция кызматкерлери кармалган адамдын колуна кишен салып, кызматтык унаа тарапка күч менен сүйрөп кетишкен.
 
«Мен биздин тышкы иштер министрибизге кайрылат элем! Жараныбызды коргоого чара көргүлө, каршылык көрсөтпөсө дагы эмнеге сабап жатышат?! Бул ачык эле шылдыңдоо! Орусия элчилигине нааразылык нотасын жөнөтүүнү талап кылабыз!”, - деп жазган ал.
 
Ал арада КРдин Россия Федерациясындагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
 
«Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык түйүндөрдө такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранат. Бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter