У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ондогон тажик студенттери Кыргызстанга кире албай жатат


Кыргызстан ондогон тажик студенттерин киргизбей койду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазат.
 
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Тажикстандын 100дөн ашуун жараны Бишкекке кирүүгө уруксат ала элек. Алар Кыргызстанга кирүүгө бир нече жолу уруксат сурап кайрылышкан. 
 
Белгиленгендей, буга чейин тажик студенттерине окуусун Тажикстандын жогорку окуу жайларында улантуу сунушташкан, аларга буга макул болгон эмес жана Кыргызстанда окууну талап кылышкан.
 
Студенттердин бири ал тажик-кыргыз чек арасына барганын, бирок кыргыз чек арачылары өткөрбөй койгонун айткан. Анын айтымында, ага Тажикстандагы жогорку окуу жайда окуусун улантуу сунушталган, бирок ал баш тарткан.
 
Тажик бийлиги чек ара бир тараптуу жабылганын айтып, алар кыргыз бийлигинен студенттерди өткөрүүнү суранган. Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигиндеги булак журналисттерге Тышкы иштер министрлиги аркылуу кыргыз бийлиги менен байланышканын, бирок эч кандай жооп ала электигин билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter