У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Британияда коронавирус менен ооруган мектеп окуучусу баспай калган


Британиянын 11 жаштагы тургуну Жейкоб Парэш коронавирус илдети менен көпкө чейин ооруп, жыйынтыгында майыптар арабасына отуруп калган. Бул тууралуу The Sun жазып чыкты.
 
Гримсбидеги 11 жаштагы өспүрүм март айында атасынан COVID-19 жуктуруп алган. Ал бүгүнкү күнгө чейин инфекциянын кесепетинен дарылануусун улантууда. Коронавирусту жуктурган көптөгөн балдар сыяктуу эле, оорунун алгачкы белгилери жеңил болгон. Адегенде өспүрүм даам жана жыт сезбей калган. Бара-бара мектеп окуучусунун оорусу күчөп, алсыздык жана баш айлануу да кошулган.  Алсыздык күчөп ал баса албай калганда ата-энеси ага майыптардын арабасын сатып келишкен. 
 
«Уулубуздун башы айланып, жүрөгү бат-баттан согуп, алсыз болуп баса албай калды. Биз аны эшикке алып чыгуу үчүн майыптар арабасын алдык, алты жумадан кийин ал таптакыр баспай калды», - деп билдирген баланын апасы Виктория Парэш. 
 
Уулун кароо үчүн апасы жумушунан чыгууга аргасыз болгон. Алсыз болгондуктан Жейкоб күнүнө бир гана сааттан сабак окууда.
 
Дарыгерлер 11 жаштагы Жейкобдо жүрөк -кан тамыр оорусу, постуралдык ортостатикалык тахикардия синдрому бар деп шектенишүүдө.
 
Виктория Парэштин айтымында, уулу коронавирус менен ооруганга чейин дени сак жана спорт менен машыгып жүргөн. Ал велосипед тепкенди, сууда сүзгөндү жана Майкл Жексондун ырларына бийлегенди жакшы көрчү.
 
Буга чейин окумуштуулар коронавирус өспүрүмдөрдү да өлүмгө алып келүү коркунучу туурасында айтышкан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter